КР Борбордук шайлоо комиссиясында жана эл аралык долбоорлордо иш тажрыйбасы бар, шайлоо процесстери жана эл аралык кызматташтык жаатындагы адис. Магистрдик программанын алкагында Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк шайлоо участокторунда электрондук добуш берүүнү киргизүү мүмкүнчүлүгүн изилдейт жана шайлоо процессин санариптештирүү жана жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү боюнча сунуштарды иштеп чыкты.