Бишкек шаарынын социалдык өнүктүрүү башкармалыгында иштейт. Социалдык чөйрөдө, атап айтканда социалдык жөлөкпулдарды дайындоо жана алуу маселелери боюнча иш тажрыйбасы бар. Магистрдик программанын алкагында социалдык төлөмдөр системасындагы коррупциялык тобокелдиктерди изилдейт. Жеке иш-аракеттер планынын алкагында жөлөк пулдарга арыз берүүнүн электрондук механизмин, ошондой эле жарандар менен ачык-айкын жана жеткиликтүү өз ара аракеттенүү үчүн бирдиктүү маалымат базасын түзүү боюнча демилгени иштеп чыгат.