Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине караштуу ЖАМКнын тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү. Пенитенциардык системада коррупциянын алдын алуу маселелерине адистешкен. Өзүнүн изилдөө ишинде жаза аткаруу мекемелериндеги коррупциялык көрүнүштөрдүн себептерин талдайт жана аларды азайтуу боюнча сунуштарды иштеп чыгат. Иш-аракеттердин жекече планынын алкагында антикоррупциялык контролду күчөтүү жана системанын ишинин ачык-айкындуулугун жогорулатуу үчүн сунуштарды даярдайт.