МСКБнын Чүй облусунун Аламүдүн району боюнча укуктук маселелер боюнча башкы адиси. 10 жылдан ашык педагогикалык тажрыйбасы бар, мурда адвокат катары иш алып барган. Магистрдик программанын алкагында мамлекеттик кызматтагы этика маселелерин жана аны сактоо механизмдеринин натыйжалуулугун жогорулатуу жолдорун изилдейт. Жеке иш планы мамлекеттик кызматта этикалык стандарттарды бекемдөө жана эреже бузуулардын алдын алуу боюнча практикалык сунуштарды иштеп чыгууга багытталган.