Чет өлкөлөрдө чыгарылган активдерди улуттук экономикага кайтаруу маселеси өтө актуалдуу.
Өлкөдөн чыгарылган каражаттардын жалпы көлөмүндө олуттуу үлүштү кылмыш жолу менен, анын ичинде коррупциялык иштердин натыйжасында алынган кирешелер түзөт. Бул каражаттар кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк объекттерине, баалуу кагаздарга жана башка финансылык инструменттерге салынат, чет өлкөлүк банктардагы эсептерде жайгаштырылат. Алардын бир топ бөлүгү жеңилдетилген салык режимин көрсөткөн оффшордук мамлекеттерде жана аймактарда, ошондой эле акча каражаттарын сатып алуу булагын жашыруу жана аларды келип чыккан өлкөдө декларациялабоо мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Бул көйгөйдүн масштабы Дүйнөлүк банктын жана Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын уурдалган активдерин кайтаруу демилгесинин изилдөөлөрүнөн көрүнүп турат, ага ылайык коррупция өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөн жыл сайын 20-40 миллиард АКШ долларын алып чыгууга өбөлгө түзөт
Бүгүнкү күндө уурдалган активдерди кайтарып алуу процедурасы боюнча эл аралык келишимдерге жана улуттук ченемдик укуктук актыларга салыштырмалуу укуктук талдоо жүргүзүү талап кылынат.
Институт эл аралык тажрыйбаны, эл аралык уюмдардын ишмердигин изилдөө жана уурдалган активдерди кайтаруу боюнча маселелерди чечүүнүн мүмкүн болгон жолдорун издөө үстүндө иштеп жатат, бул уурдалган активдерди кайтарууга көмөк көрсөтүшү керек.